super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-НОЯБРЬ: 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси - ЮНЕСКО түзүлгөн

 

Мындан 71 жыл мурун, 1945-жылы 16-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси - ЮНЕСКО (UNESCO - United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) Лондондо 37 мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Штаб-квартирасы Франциянын борбору Парижде жайгашкан бул уюмдун Аткаруучу кеңеши 58 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат.

Бул мекемени түзүүдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун максаты - билим, илим жана маданият тармагында дүйнө элдеринин ортосундагы кызматташтык жолу аркылуу тынчтыкты бекемдөө жана дүйнөдө коопсуздукту орнотуу. Ошондой эле адамдарды адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана БУУнун жобосунда жазылган негизги эркиндиктерди сыйлоого үндөө да максаттарынын катарын толуктайт. Учурда ЮНЕСКОго 195 мамлекет мүчө, 2 өлкө байкоочу болсо, 10 ассоциацияланган мүчөсү бар.

16-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: