Оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Бекдөөлөт Расулбеков коло медаль тагынды

Оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Мелдеш Япониянын Токио шаарында орун алган.
Федерациядан кабарлашкандай, Бекдөөлөт 94 килограмм салмакта күчүн сынап, 3-орунду камсыздады.
Кошумчалай кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры аяктаганга чейин оор атлеттерибизди чет элдик мелдештерге катыштырбоо чечимин кабыл алган. Чечим 1-январдан тарта күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.