super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов парламентте саясий оппоненттерди сыйлоого чакырды

 

Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутаттарга кайрылып, көз караштары дал келбеген саясий оппоненттерди сыйлоого чакырды.

"2005-жылы бир мандаттуу аймактан эл өкүлү болуп келгенимде “матрёшка-гейт” чуусуна күбө болдум эле. Бүгүн болсо шайлоодо элдин добушун алып парламентке келген бир партиянын лидерине чоң айып тагылып жатат. Мен азыр кайсы тарапта чындык бар экенин билбейм. Көз карашыбыз башкача болгонуна карабай биз чындык тарапта болушубуз керек. Мындан улам депутаттык комиссия түзүү демилгесин мен дагы колдойм", - деди Бабанов.

Белгилей кетсек, бийлик "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы "Мегакомдо" үлүшү бар" деп күнөөлөп келет. Муну Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн "Ата Мекенге" жасалган кысым деп баалагандар көп. Бул жолку УКМК башчысынын маалыматтары да ушундай кабыл алынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: