super.kg logo

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түзүмдөрү 40 пайызга кыскарды

 

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түзүмдөрү 40 пайызга кыскарды. Бул тууралуу УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев 15-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдиргенин академиянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн, 16-ноябрда билдирди.

Абдыганы Эркебаевдин билдирүүсү боюнча, мындан эки жыл мурун Улуттук илимдер академиясын жоюп, анын илим изилдөө институттары жана аларга тиешелүү мекемелерин министрликтер менен жогорку окуу жайлардын карамагына өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок илимди колдоо жана аны өнүктүрүү зарылдыгынан улам Кыргыз өкмөтү Улуттук илимдер академиясын сактап, анын түзүмдөрүн өзгөртүү жана ишмердигин жакшыртуу милдетин алдыга койгон.

"Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-ноябрында кабыл алган токтомунда белгиленген. Ага ылайык, илимди жана УИАны өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы кабыл алынып, алгачкы түзүмдүк өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн. Анын негизинде президенттин кеңешчилери кыскартылган. Ошондой эле 4 вице-президенттик кызмат орду жоюлуп, 26 илимий изилдөө мекемесинин тогузу илимий жактан тектеш башка илим изилдөө мекемелери менен бириктирилип, жалпы саны 16 мекемени түзүп калды", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары УИАнын административдик башкаруу кызматкерлеринин саны 40 пайызга кыскартылып, илим изилдөө мекемелеринин жаш курагы 70тен ашкан жетекчилери өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бирок академиянын илимий кызматкерлеринин саны кыскартылбаганы белгилүү болду.

Улуттук илимдер академиясы СССР Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. 60 жылдан ашуун мезгилде илимий ири ачылыштар жасалып, окумуштуулардын мыкты мектептери калыптанган. Кыргыз өлкөсү эгемендик алган 1990-жылдары академияда 4000ден ашык адам иштесе, азыркы күндө илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: