super.kg logo

Сатып алууларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 9 ай ичинде 30 миллиард 985 миллион 501,9 миң сом жумшалган

 

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алуулар боюнча 28 070 сынак өткөргөн. Мындай маалыматты Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

"Сатып алууларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миллиард 985 миллион 501,9 миң сом жумшалды. Мамлекеттин казынасынан 2 миллиард сом үнөмдөй алдык", - деп билдирди Даникеев.

Мындан сырткары Даникеев малга бирка сатып алуу боюнча тендерге токтолду: "Малга бирка сатып алуулар боюнча тендер 3-жолу өтүүдө, анткени тендердин өтүү талаптары толук кандуу аткарылбай жатат. Мамлекетте кандай тендер өтсө да, арыздануу түшөт".

Бюджеттик уюмдар мамлекеттик сатып алууларга 9 ай ичинде 14,2 миллиард сом коротушкан. 2016-жылдын 9 айында 55 630 сынак жарыяланса, 27 630у өтпөй же жокко чыгарылганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 31 миллиард сом (!) эмнеге жумшалганын так жазышса. Анткени азыр акча жоктугунан улам канчалаган балдар суук, авариялык абалдагы мектептерде окууда. Ооруканаларга заманбап жабдык жетишпей оорулуулар чет олкодо ото кымбат акчага операция болуп дарыланууга аргасыз. Акча таппаганы айласыздан коз жумууда. Ал эми бийлик миллиарддарды керексиз сапырып жатат.
17.11.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изилдей келгенде алынган нерселердин жарымы алууга зарыл болбогон нерселер (Мисалы депутаттарга кресло, планшет сыяктуу) болуп чыгат. Калган экинчи жарымы базар баасынан бир топ жогору сатып алынган болот. Жыл этегинде мынча сумма жумшалды деп отчет берет, аны изилдеп баа беруучу эч ким жок. Менин жеке оюмда 31 миллиард сомдун 15-20м миллиарды ыксыз-керексиз жумшалган жана ким бироолордун "левый" чонтогуно тушкон акчалар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: