super.kg logo

Баткенде акча алганга кетип, 1 аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы пенсионерди издөө иштери улантылууда

 

Баткен шаарында акча алганга кетип, 7 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы пенсионерди издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы Суксур Бурканованы издөө улантылууда. Издөө иштерине облустук милициянын кызматкерлери, ӨКМнын кызматкерлери жана изделип жаткан апанын туугандары да тартылган. Бул апаны акыркы жолу көргөндөр ал тоо тарапка кетип бараткан деп көрсөтмө беришкен, ал маалымат да текшерилип жатат. Азырынча издөө натыйжа бере элек", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акчасын алган бекен же жокпу?
17.11.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каарында кайсыл жерде болду экен, Аман эсен эле табылып калса экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: