Депутат министрге: "Баяндамаңызды кыскартсаңыз, сизди залдагылар укпай жатышат"

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында "Өкмөттүк күн" өтүп жатат. Анын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн экономикасынын тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жана энергетика тармагындагы абал тууралуу маалымат беришүүдө.
Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндамасын айтып берип жатканда, депутат Аскарбек Шадиев ("Бир бол") аны сөзүн тезирээк бүтүрүүнү суранды. "Бул маселелерди биз комитетте карап талкуулаганбыз. Баяндамаңызды кыскартсаңыз, залдагылар сизди укпай жатышат", - деп кайрылды министрге депутат.
Жыйынтыгында Касымалиев баяндамасын токтотуп, депутаттар суроо-жооп бөлүгүнө өтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Бүт чоңдорду кармап алып битталап.
Миң миңдерди илип коюп мойнуна.
Ар бирине салгым келет иштарап)))
Тообо кылдым угуп турсаң лапшасын.
Эки жүзгө көтөрүлөт кан басым.
Жумуш кылмак ары турсун итейип.
Кыймылдатып койбойт бир аз жанбашын.
Жылдар бою ушуларың жер алгыр.
Карамандай калпын айтып келатыр.
Айта берип, айта берип жалганын.
Бир грамм да ишенишпейт эл азыр.
Суйлоп жатты ар нерсени канкуулап.
Токтот деди ары жактан Аскары,
Болбогун сен депутаттарга маскары.