super.kg logo

700 грамм болуп төрөлгөн кыздын энеси: "Ара төрөлгөн баланы багууда өзгөчө камкордук талап кылынат"

 
700 грамм болуп төрөлгөн кызы Бегайым азыр 3 жашта

Кечээ, 17-ноябрда Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип, бул күндүн урматына борбор калаадагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда майрамдык иш-чара уюштурулган. Аталган иш-чарага катышкан Гүлзар Кыдырбаева мындан 3 жыл мурун тун наристеси маалынан эрте төрөлүп, 700 грамм салмакта болгонун айтат.

"Кош бойлуу кезимде кан басымым жогорулап кетип, өмүрүмдү сактап калуу үчүн ичимдеги бала 26 жумалык болуп, 6 айга жакындап калганда төрөтүп алышкан. Кызым Бегайым 700 грамм болуп төрөлгөн. Эне жана баланы коргоо борборуна 800 грамм менен келип түшкөнбүз. Ооруканадан 1 килограмм болгондо чыкканбыз", - дейт эне.

Гүлзар Кыдырбаева ара төрөлгөн баланы багуу өзгөчө камкордукту талап кыларын, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуу керектигин, тез-тез эле ооруп кала берерин айтат.

"6 айлык балдардын башы эле болот экен, анан денеси өсүп жетилгенче бир топ убакыт кетет. Сүтүм жарабай калып, кургак сүт, аралашма менен бакканга туура келди. Акча жагынан да бир топ кыйналдык. Көп мээнет, кыйынчылыктар менен чоңойттук, азыр баарын сөз менен айтып берип, жеткирүү мүмкүн эмес. Дарыгерлерге ыраазыбыз, абдан жакшы карап жатышты. Мындай балдар күн сайын эле ооруй беришет экен. Ооруган сайын дарыгер менен байланышып, ооруканага алып келебиз. Башында суу көп болуп, бутуна массаж жасоо зарыл болгондуктан, көп ооруканаларды кыдырып жүрдүк. Кудайга шүгүр, азыр жакшы, чоңоюп калды. Учурда кызым ырдайт, бийлейт. 3 жаштагы балдарга теңелип калды. Ара төрөлгөн баланы багуу кыйын экен. Кыска убакытта чачым агарып кетти", - деп күлдү.

"Азыр 3-4 жылдан бери көрүшө элек тааныштарым көрүп калса, "Ушунчалык кыйналдыңбы? Чачың агарып кетиптир" деп айтып калышат. Өзүм 29 жашымда турмушка чыккам, 30 жашымда төрөдүм. Жашка да карайт экен, андыктан жаш кыздарга эртерээк күйөөгө чыгып, эрте төрөгүлө деп айтар элем", - деп сөзүн жыйынтыктады Г.Кыдырбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
18.11.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Омуру узун бактылуу кыздардан болсун!
18.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ошон үчүн айтылатда энелерге даңк деп
Кудайым эки дүйнө бактылуулукту насип этсин ылайым эне балага
Кудайым балага өмүр берген экен
Чың ден соолук кошуп берген болсун мындан ары
18.11.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
иий жаны десе!
18.11.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эжэ Аллахым суйгон пендеси болунуз. Бактылуу кыздардан болсун.
18.11.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ма Ша Алла бизда балдарыбыз ара торолгон эгиздер смесь мн бактыкко акчажагынанго кыйналбадык ара торолгон балага аябай кылдат караш керек экен кудайга шугур азыр эки жарым жаш болуп калышты баары жайында атаке апаке дегенде эзилип Аллага шугурчулук келтирем
18.11.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тфу тфу коз тийбесин данектей кыз болуптур омуру узуун бактылуу кыздардан болсун
18.11.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошон үчүн аялыңарды аздектеп, оор жумуш жасатпай, көп - көп эркелетип, жакшы - жакшы тамактандырып жүргүлө.
18.11.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек аялды багам, аздектеп карайм деп алат, аял эркеке аманат, аманатка кыянат кылбаш керек.
18.11.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аманат үчүн сурак катуу болот. аял кул болууга эмес, гүл болууга татыктуу.
18.11.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гүлдү да карап баксаң кандай бажырайып гүлдөйт, аял да ошол гүл сыяктуу. Эркелетип караган сайын ачылат.
18.11.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ара торолгондун катарында экенмин да)))
18.11.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун болуп чоноюп калыптыр. Омуру узун кыз болсун
18.11.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болуңуз .Алла колдосун сиздерди
18.11.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай ширин кыз болуптур,мындан ары да Кудайым ден соолугунду бекем кылып Ата-эненди кубантып журо бер!
18.11.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу кыз болсун
18.11.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым омурун берсин, соонун кыз болуп чоноюп калыптыр. Апасына рахмат ошончо азап тозок тартып, акыбети кайтыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: