super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Кайсы китептерди окудуңуз жана ал китептер сизге кандай элес калтырды? Китептин мазмундук жанры кандай? Кыскасы, китеп боюнча кандай суроо-талап, сунуштар болсо, жазыңыздар".

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Колин Маккалоунун "Поющие в терновнике" аттуу китебин окугам. Ал китепте аялзатынын жашоодогу ролу, жашоосу абдан жакшы чагылдырылган. Менин аялзатына болгон көз карашымды өзгөрткөн китеп болду".

"Поющие в терновнике" же "The Thorn Bird'' чыгармасын мен да окуганмын. Бул жердеги окуялар Австралиянын көйгөйлөрүн көрсөтүү менен ал жердеги Мегги жана чиркөө адамы Ральфтын ортосундагы нагыз сүйүүнү даңазалайт. Бул чыгарманы мен өтө кызыгуу менен окуганмын. Өзүнүн тарыхы да бар. Китептин ичи толо арман экен, түрдүү стереотиптерге жык толгон. Чынын айтсам, аялдардын тагдыры баяндалгандыктан, бул китепти кыздар көп окуп, алар айрым учурларда муну өздөрүнүн тумарына чейин айлантып жиберишет. Мага бул китептин өзгөчө таасири болгон. Эч качан унутпаймын".

"Мен көбүнчө детектив жанрындагы китептерге кызыгам. Өзгөчө Иоанна Хмелевскаянын "Всё красное" чыгармасын жакшы көрөм".

"Мен 11-класста окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун көп чыгармасын окудум, алардын баары жүрөгүмдөн оорун алды. Ошону менен бирге эле "Леди-мафия" аттуу Владимир Колычевдин чыгармасын окуган элем. Ал китепти окуган соң чыныгы кылмыш дүйнөсү жөнүндө көп нерселерди билип калдым".

"Мага тарыхый чыгармалар жагат. Ошондуктан мен көбүнчө тарыхый чыгармаларды окугам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дил азык басма кана китептеринен жан дуйном ар айда азыктанып турбаса озуму жогото баштайм.
Sultanim түзөттү 2016-11-17 17:47:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: