Караколдо медициналык окуу жайдын директорунун бычакталган жансыз денеси өз үйүндө табылды
Караколдо медициналык окуу жайдын директорунун жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн түштө 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиеванын өз үйүндө болгон. Анда белгисиз адам ага бир канча жолу бычак сайып качып кеткен.
"Үйдө эч кандай тоноо же уурулук фактыларынын издери байкалган эмес. Алтындары, баалуу буюмдары ордунда экен. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
Айта кетсек, маркум Караколдогу медициналык окуу жайдын директору болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Канкор коп узабайт, кан жибербейт.