Өмүрбек Текебаев: "Ибраимов өзүнүн назик жанына тийген зыянды 1 миллион сомго баалады"

"Бишкек мэри Албек Ибраимов өзүнүн назик жанына тийген зыянды 1 миллион сомго баалады", - деп бүгүн, 17-ноябрда журналисттерге депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Ибраимовдун доо арыз менен сотко кайрылуусу Ак үйдүн 7-кабатынан уюштурулуп жана көзөмөлдөнүп жатат. "Мен Атамбаевдин хан сарайы тууралуу биринчи маалымат жыйынын өткөрүп жатканымда жер тилкенин аянты 27 гектар экенин расмий эмес маалымат деп алдын ала айткам. Кийинки маалымат жыйындарында бул техникалык ката болгонун айтып, аянт 2,7 гектарга барабар экенин бир нече жолу кайталагам. 27 гектар дегеним үчүн Ибраимов мен анын намысына катуу шек келтирдим деп ойлоп жатат. Ошентип, Албек Ибраимов өзүнүн назик жанына тийген зыянды 1 миллион сомго баалады", - деди Текебаев.
Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Өмүрбек Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Албек Ибраимов "депутат Өмүрбек Текебаев жалган маалыматтарды таратты" деп аны сотко берген.
Текебаев: "Ибраимов назик жанына тийген зыянды 1 миллион сомго баалады"

