Бишкекте таксистти бычактап, уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды

Бишкекте таксистти бычактап, уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-ноябрь күнү Ахунбаев жана К.Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1959-жылы туулган О.И. аттуу Чүй облусунун тургуну 1964-жылы туулган К.Н. аттуу таксистти моюнга бычак менен сайып, уюлдук телефонун алып качып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары И.О. кармалып, учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу медициналык жардам алууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

окуп калдык. Мындай акмактарга катуу чара колдонушу кыргызстаныбызга суудай эле керек болуп
калды.