super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: 1870-жылы Францияда көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган

 

Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Францияда 1870-жылы 18-ноябрда немистер Парижди курчоого алган учурда көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган.

Почта Франциянын Тур жана Париж шаарларын байланыштырган. Парижге жеткирилүүчү почта Тур шаарында дайындалган. Маалыматтар көлөмү кичирейтилип сүрөткө тартылып, плёнкалары көгүчкөнгө байланган. Канаттуу 15-20 плёнканы көтөрө алган. Ал эми Париж шаарында кабыл алынган маалыматтарды чечмелей турган көгүчкөн почтамты ачылган.

Немистер тарабынан курчоого алынган Париждеги почта мамлекеттик эле эмес, жеке каттарды дагы жеткирип турган. Көгүчкөндөр немистер тарабынан асманга атылган октордон улам Парижге жеткенче жарадар болуп, кээ биринин көздөрү көрбөй калчу. Жалпысынан Турдан Парижге көгүчкөн аркылуу миллиондон ашуун кат жеткирилген. Көгүчкөндөр узун аралыкты басып өтүп, көп жылдан кийин деле кайра өз уясына кайтып келүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Кат жолдоонун мындай ыкмасын биринчилерден болуп гректер, египеттиктер жана римдиктер колдонушкан.

18-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: