Бишкекте "жаранды коркутуп, алтын чынжырын алып кеткен" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды
Бишкекте "жаранды коркутуп, алтын чынжырын алып кеткен" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 1964-жылы туулган У.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз жаран аны коркутуп, мойнундагы алтын чынжырын тартып алганын билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 21 жаштагы И.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.