super.kg logo

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 107 миң сом айлык алган төрагасы: "Тамадалар менден көп табышат"

 

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айлыгы 107 миң сом. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин эл аралык уюмдарда учурдагы айлыгынан 3-4 эсе көп алчу. "Биздин штатта 31 адам бар. Алардын орточо айлыгы 35-40 миң сом. Мен колума 107 миң сом алам. Мен үчүн 107 миң сом көлөмүндө айлык алуу уят эмес. Анткени өкмөткө иштеп берем, мындай айлыкка макул болдум. Менин тажрыйбам бул айлыкка ылайыктуу. Өлкөбүздө мамлекеттик ипотека менен буга чейин эч ким иштеген эмес", - деди Шамкеев.

Мындай жоопко депутаттар: "Эч нерсе кылбай туруп мындай айлык алуу уят эмеспи? АКШнын жаңы президенти Трамп жылына 1 долларга иштейм деди. Ошондуктан айлыгыңызды 45 миң сомго чейин азайтсаңыз. Биздин президентибиз айына 100 миң сом албаса керек", - деп айтышты.

"Эгер мен Трамптай миллиардер болсом, мен да айлыктан баш тартмакмын. Мисалы, тамадалар бир кече өткөрүп 300-1000 доллар табышат. Эмнеге аларга тийишпейсиздер? Ошондуктан сурооңуз туура эмес", - деп жооп кайтарды Шамкеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
18.11.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Күндөн күнгө күн бетер.
18.11.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообооо 107 000 айлык дейби? Менин айлыгымдан 100 000 ге коп экен. Ошону да байкуш "Уят эмес " деп........
Кыскасы соз жок.
18.11.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул сүйлөшүңдө сен тамада болсоң өтө эле көп табасың го))
18.11.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге Кыргызстанды ушундай ХХХ адамдар башкарат???!!! Ушунчалык ХХХ адамдар кантип чон кызматтарга келип калды болду экен!!!! ООО кудай ......
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-18 12:44:56
18.11.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jakilik, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
18.11.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жооп берүүчү күн алыс эмес.
18.11.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин айлыгым 45 мин эле болгондо болот эле. Уйдо тамадалык кылмакмын. Эл башкарып дегендей :))
18.11.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
107000 айлыка не довольный болуп атат. Ушуга окшогон адамдардын колунда калган биздин шорубуз экен да кыргыз элим.
18.11.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оопииий 107000сом кичино топут кылсанар боло кыскартып мугалим врач пенсяны кобойткуло да
18.11.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тамада эле болуп ал анда.107000 мин сомго макул болуп иштеп атам дегенде,не дээримди билбей калдым го.Бут чондор бир мафия убакыт келет иш козголот коросунор ошондо.
18.11.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок тамаданы кошпой эле банк же болок бир ылайыктуу жумуш айтпайбы бул соз маданияттын эн томон чеги десек жарашчудай аман болунузчу сизден болок инсан иштесе бул жумушту алып кетчулор бар. Андан коро жумушунузду тапшырып кете бериниз.
18.11.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана тамаша мына тамаша. Буга окшогондордон кутулбасанар КР дагы деле онугот деп журосунорбу?
18.11.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамадалар мээнет менен акча табышат тойдо алардын оозу тынбай тойду жакшы шаңдуу өткөргөнгө аракет кылат
18.11.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бетим бетим кантет многу ЭРКЕК?мугалимдер врачтар пенсия дегендер канча аларын билбейт окшойсун?!акмактар ушуга окшогон кок мээлердин айынан анан 120нын айынан биз эч качан жыргабайбыз.
18.11.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдынкы шайлоодо кыргыз эл эч ким барбай койсо соонун болот баарыбир 120ма оздорунон башка эч кимди ойлошпойт
18.11.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тамадалардын тапканынан айланбайсынбы! Тамадалар ошондой коп тапса 10 уй алып албайт белек! Тамадалардай болуп арбир тойго программа жазып изденип ал аз келгенсип 5 6 саат бою 100кишиден 500 600 кишинин каприздеринечыдап корчу тобо чачын тушуп калаар. 300$ алса сонун болбойт беле ким 300$ га иамада алат анын ичинде ырчы музыкант дегени бар
19.11.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чукуламай сасымай ха ха хе хе
19.11.2016. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айрым мугалимдер 7000 алса суйунушот эле... Анткени, 4-5 мин алгандар да бар...
20.11.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамадалыкты алып кетчу турунуз бар,107 000сомго иштеп эмне кыласыз андан коро баркынызды кетирбей бир кундо 1000$ иштеп 29 кун эс алып жатын да.Адам олгондо тоёт.
20.11.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле. 107 сомдук иш кылбай анан аз дейт. Элдин акчасы анын баары. Бул айлыкты ким чектеди экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: