super.kg logo

Калың жааган кар Чүйдө электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүүсүнө алып келди

 

Кечээ, 17-ноябрда кардын калың жааганы Бишкек жана Чүй облустарынын аймагында электр энергиясын кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учураткан. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26 фидер кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурады. Анын ичинен Чүй облусунда 19 фидер өчтү: 10 кВ аба электр чубалгыларынын үзүлүшүнөн Чүй, Токмок, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук жана Панфилов райондорундагы керектөөчүлөрдүн электр жарыгы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурады. Бишкек шаарында 4 фидер өчтү: Васильев-Орозбеков, Васильев-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн аймактарында, булгаары заводу тарапта.

"Талас облусунда керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосу боюнча абал туруктуу. Кар аба электр чубалгыларына олуттуу зыян алып келген жок, аймакта кыска мөөнөткө 7 фидердин өчкөнү катталган", - деп жазылат маалыматта. Райондук электр тармактарында өчүрүлгөн аймактардын электр энергиясы ошол эле күнү 35 мүнөттөн тарта 3 саатка чейинки аралыкта калыбына келтирилген.

Ал эми окурмандардын Арча-Бешик, Маевка, Көлмө конуштарында эмне себептен жарык өчүрүлгөнү боюнча суроосуна: "Арча-Бешикте пландаштырылган иштер жүрүп, 17-ноябрда жарык өчүрүлгөн. Элге бул тууралуу маалымат берилген. 18-ноябрда болсо "Кыргызская" көмөк чордонунда авария катталып, жарык убактылуу өчүрүлдү. Ал эми Маевка жана Көлмө конуштарында авариялык абал да, пландаштырылган иш-чаралар да болгон эмес. Жарыктын өчкөнү боюнча маалымат түшкөн жок", - деген жооп алдык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: