super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө күн сайын жол кырсыгынан үчтөн ашык адам каза табат

 

Жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде бүткүл дүйнөдө Жол кырсыгында курман болгондорду эскерүү күнү белгиленет. Бул күнгө карата бүгүн, 18-ноябрда борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында жол кырсыгында курман болгондор эскерилди. Иш-чарага жогорку окуу жайдын студенттери, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, милиция кызматкерлери, медиа өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын максаты, өлкөдөгү жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун башчысы Чынара Касмамбетова буларга токтолду: "Иш-чаранын максаты - жол кырсыгынан келип чыккан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, анткени биздин өлкөдө жол кырсыгынан каза болгондордун саны өтө көп. Бир жылда миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңден ашууну жаракат алат. Бул күн сайын үчтөн ашык адам көз жумууда дегенди билдирет. Өкмөт үчүн, адамдар үчүн бул чоң жоготуу. Канча адам жаракат алып, каржылык, моралдык жактан зыян тартып жатат. Андыктан бул нерсеге бийлик, адамдар тарабынан көп көңүл бурулушу зарыл".

Ошондой эле жол кырсыктары айдоочулардын, жөө жүрүүчүлөрдүн маданияты төмөндүгүнөн жана тартиптин жоктугунан жаралып жатканын кошумчалады.

"Текшерүүлөр жол кырсыгынын катталышына 80 пайыз айдоочулар күнөөлүү болуп чыгарын көрсөттү. Алар жол эрежесин одоно жана массалык түрдө бузуп жатышат. Экинчиден, жөө жүрүүчүлөр, себеби алар каалаган жерден өтүп жатышат. Бизде жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу механизми, айып төлөө, алар менен иштешүү деген нерсе жок", - деди
Ч.Касмамбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.11.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо кылдым, Кудай сактай көр.
18.11.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр гана Алтын-Орда базарынан келдим. Жол деген реагент тогулуп куролгондуктон таза,тонголок жок. Дегеним;Жолдор таза болсо жоо жургунчулор да, айдоочулар да аварияга учуроо шансы жок. Албетте сактыкта кордук жок, кээде тайгаланып жыгылып машинанын астында калып кеткен учурлар болот эмеспи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: