super.kg logo

КСДПнын активисти депутат Данияр Аттокуровду коррупцияга айыптоодо

 

КСДПнын активдүү мүчөсү Ренат Самудинов депутат Данияр Аттокуровду (сүрөттө) коррупция кылмышына айыптоодо. Активист аталган депутатты мандаттан ажыратуу, фактыны иликтөө өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына, башкы прокурорго, ИИМ жетекчисине кайрылуу жасады.

Аталган депутат "Кыргыз көмүр" ишканасында өткөн тендер боюнча күнөөлөнүүдө.

"Тендерден башка компания уткан, бирок "Кара-Кече" көмүрүн ташуу менен "Фаворит-Транс" компаниясы алектенүүдө. Бул компания иш жүзүндө депутат Данияр Аттокуровго карайт, муну бүт Ысык-Көл облусу билет. Бирок расмий түрдө бир тууган иниси Сардарга катталган. Аттокуров жакында берген интервьюларынын биринде эч кандай бизнеси жок экенин айтты. "Эмне үчүн бизнесин жашырып жатат?" деген суроо жаралат. Мендеги документтерге таянып, КСДПнын борбордук штабынын мурунку жетекчиси, учурда Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик ишканада коррупциялык схемаларды жүргүзгөн деп ойлойм", - дейт Самудинов.

Самудинов быйыл 29-октябрда кайрылуу жасап, шаардык кеңешке талапкерлерди бекитүүдө КСДП оюн түз айткан жаштарга орун бербегенине нааразычылыгын билдирген. Буга байланыштуу тизмеден чыкканын жарыялаган эле. 31-октябрда SUPER.KG порталына ушул жагдай боюнча комментарий берип, "КСДПнын жетекчилиги менин оозумду жаба албайт, партиянын ичиндеги туура эмес иштерди айтууну, коррупцияга каршы күрөшүүнү улантам", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: