super.kg logo

Нарында 1-топтогу майып баланы сабаган жаранга чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

 

Нарында 1-топтогу майып баланы сабаган жаранга чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1-топтогу майып баласын сабаган жаранга милиция кызматкерлери эч кандай чара көрбөй жатышканын билдирген.

Окуя мындан 8 ай мурун Нарын шаарындагы Ак-Коргон деген аймакта болгон. Анда белгисиз мас абалдагы адам Ч.А. аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы эч себепсиз сабаган. Ошол эле күнү жабырлануучунун апасы Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

"Окуяны Акыйкатчы институту көзөмөлгө алгандан кийин Нарын ШИИБинде кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Т.Жумалиевге жана тергөөчү Мусаевге сөгүш жарыяланган. Учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы сабаган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.11.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сөгүш элеби?
18.11.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
18.11.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан эмне кылсын акыйкатчы. Колунан башка эч нерсе келбейт.
18.11.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде милиция жок . Кой терисин жамынган карышкырлар . Милицияга ишенип айтуудан коркосуң,кайра сатып коёт кылмышкерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: