Тышкы иштер министрлиги: Порошенкону тамашалоо боюнча айтылган сынга жооп берилет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украина тараптын айыптоосуна жооп даярдап жатат. Бул тууралуу 18-ноябрда SUPER.KG порталына ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. "Айтылган айыптоо боюнча ТИМдин тийиштүү департаменти териштирүү жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы чыгары менен маалымат булактарына жарыялайбыз", - деп билдиришти мекемеден.
Украина тарап "президент Петро Порошенконун үстүнөн тамаша уюштурууга катышты" деп Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигин айыптоодо. Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусусуз телефондук сүйлөшүү уюштуруу мүмкүн эместигин айтты.
Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.
Кечээ орусиялык пранкер Владимир Кузнецов (каймана аты Вован) социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөн аудиосун жарыялады.
Өзүн Атамбаев деп тааныштырган адам менен Порошенконун сүйлөшүүсү

