super.kg logo

Бишкек. Кечээ жааган кар бүгүн да тазалана элек

 

Борбор калаада "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары түнү бою тротуар, аялдамалардын жээктерин жана жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүшкөнүн Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

"Таң аткандан бери "Тазалыктын" жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жумушчулары штаттык тартипте көчөлөрдү шыпырып тазалап жатышат. Атайын техникалардын саны көбөйтүлүп, учурда 21 кар тазалоочу унаа, 4 кичи трактор иштеп жатат", - деп билдиришти мэриядан.

Буга карабастан, шаардын көпчүлүк көчөлөрүндө кар тазаланбай, тротуарларга муз тоңууда. "Тазалык" ишканасынын ишти пландоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Эсеновдун айтымында, жолдорго туз же кум муз эрибей калганда гана себилет. Эскерте кетсек, быйылкы кышка карата Бишкек шаарынын жолдоруна төгүүгө жалпысынан 3100 тонна кум, 450 тонна туз алынган.

"Суулуу кардан улам троллейбустук линиялар жана ток өткөрүүчү зымдардын үзүлгөн учурлары көбөйүп жатат. Жибек-Жолу менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде дарактын сынып түшкөн бутагы троллейбустук линияны үзүп салган. Мындан улам троллейбустар 2 сааттай жылбай турушту. Учурда баары оңдолуп, транспорт каражаттары кадимки тартип менен иштеп жатышат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Кыш мезгилине дагы 2 жумадай убакыт бар. Буга чейин Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелери кышка толук даяр экенин билдиришкени менен, бир жолку эле жааган кар даярдыктын деңгээлин көрсөтүп койду. 17-ноябрда жааган кар шаардын айрым аймактарында электр энергиясын үзгүлтүккө учуратып, жолдор тазаланбай айдоочуларга да, жөө жүрүүчүлөргө да бир топ ыңгайсыздык жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.11.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лопата которуп кыштын кунундо суукта тан эртен кочодо иш кылып жургон силерге чон рахмат,Аллах ыраазы болсун.айрыкча аял кишиге,жаман боорум ооруп кетти,биз эчнерсени бильбей ширин уйкуда жатканда силер уже кочодо журосунор,бир кишинин колунда кол байпагы да жокко...
20.11.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол байпакты биринчи угушум,,колкап,мээлей,десенчи...он жыл мурун москвага барып бир кыш кар куроп иштедик эле жашкезде билинбейт азыр белдин баары буткон,ден соолукту сакташ керек абайланыз эжекеси,,эркектерге мейли эле,,сизге убал...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: