super.kg logo
  Спорт  

Оор атлетика боюнча улуттук курамга машыктыруучу табыла элек

 

Айдын башында Иззат Артыковго байланышкан допинг чырынан улам оор атлетика боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров кызматын таштаган. Ал: "Мен спортчуга допинг ичирген эмесмин, спортчу ичкен эмес. Сот бүткөнчө биздин маселени кароо туура эмес. Менин тажрыйбам азыр кереги жок болсо, өз каалоом менен жумуштан кетем", - деген эле.

SUPER.KG порталына КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдиргендей, учурда анын ордуна машыктыруучу табыла элек, бирок талапкерлер каралууда. "Үсөнкан агай мол тажрыйбага ээ. Мамлекет анын көзүн карап, тажрыйбасын колдонуп калышы керек болчу. Мындай тажрыйбалуу адисти табуу оңойго турбайт", - дейт У.Молдодосов.

Кошумчалай кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясында Иззат Артыковго байланышкан допинг чырына чекит коюлмайынча кыргыз оор атлеттерин ири мелдештерге катыштырбоо чечими кабыл алынган.

Оор атлет Иззат Артыков "Рио-2016" Олимпиадасында 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган, бирок көп өтпөй анын канынан допинг табылды деген чечим чыгып, спортчу медалынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: