super.kg logo
  Саясат  

Белиз окуясы: УКМК териштирүү бүтө электе "Ата Мекендин" 3 депутатына сын айтты

 

Башкы прокуратура Белизден келген документтерди териштирүүнү аяктай элек. Бүгүн, 18-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети документтер жасалма экенин айтып чыккан "Ата Мекендин" депутаттарынын сөздөрүнө байланыштуу комментарий берүүгө үлгүрдү. Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматов айткан аргументтер көпчүлүктү ынандырарынан чочуладыбы, айтор, аталган депутаттарды "юридикалык маселени саясий окуяга айлантууга аракет кылып жатышат" деп сындады. Кимисиники туура, кимисиники туура эместигин эл өзү таразалап алышы шарт, ал эми тийиштүү органдар чуулуу документтерди териштирүүгө убакыт короткону туура. Коомчулук бүгүн Башкы прокуратура менен УКМКдан "ата мекенчилердин" сөзүнө баа берүүнү эмес, документтердин чын-жалганын аныктап чыгууну күтүп жатат.

14-ноябрда президент менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн айткан эле. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталууда. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин, бийлик оппоненттерин курулай каралоого өткөнүн айтып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: