super.kg logo

Борбор калаанын жолдоруна 495 тонна кум, 37 тонна туз себилди

 

Борбор калаада "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери дем алыш күндөрү карды тазалап жатышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда кабарлады.

"Кызматкерлер тротуарларды, аялдамалардын айланасын тазалап, жолдорго кум жана туз себишти. Ошондой эле 21 кар тазалоочу унаа (18 МАЗ, 2 ЗиЛ), 4 грейфердик жүктөгүч, 5 кичи трактор тартылган. Жолдорго 495 тонна кум, 37 тонна туз чачылды. Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов, Абдрахманов, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Курманжан датка, Чолпон-Ата, Ибраимов, Тыныстанов, Панфилов, Эркиндик, Логвиненко, Исанов, Тоголок Молдо, Турусбеков, К.Акиев, Бейшеналиева, Фучик, Д.Сяопин, Алыкулов, Москва, Бөкөнбаев, Масалиев, Тыналиев, Гагарин, Горький, Киев, Фрунзе, Рыскулов, Ленинград, Элебесов, Юнусалиев, Сүйөркулов, Ахунбаев, Анкара, Айни, Дүйшөмбү, Малдыбаев, Медеров, Ауэзов, Көлбаев, Салиева, Сүйүнбаев, Л.Толстой, Үмөталиев, Чапаев, Токтогул, Щербаков көчөлөрүнүн жолдоруна туз, кум себилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары штаттык тартипте Бишкек боюнча "Тазалыктын" жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын көчө шыпыруучулары иштеп жатышканы маалым болду.

"Тротуарларды, жолдорду тазалоого Жолдорду эксплуатациялоо башкармалыгынын 30 кызматкери, 510 көчө шыпыруучу тартылып, бүгүнкү күндө да карды тазалоо иштери улантылууда", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдордун баары тайгак.Бирдеме себилгендей эч нерсе жок.Белинский менен борбордук аянтка эле себилбесе,башка жакта эч нерсе себилген эмес.
21.11.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча кумду сепкени менен жайында кайра жууп тазалашпайт. Жолдор чанып шаардын корку айыл менен бирдей болуп калат. Анан бул кумдар асфальтты тез эле жеп кайра эле жол бузулат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: