ЖЫЛНААМА, 21-НОЯБРЬ: Биздин заманга чейин 479-жылы кытай ойчулу Конфуций каза болгон

Философ тектүү, бирок кедей үй-бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыгында өткөргөн. Жаш кезинде аткаминер болуп иштеп, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Конфуцийдин санат сөздөрү, аңгемелери окутулуп, жакын шакирттери топтолгон. Ойчулду ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" деген эмгеги болуп саналат. Мында Конфуцийдин жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.
Ойчулдун айткандарында бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча, башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өздөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруудагы ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасирин тийгизет.
Конфуцийдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет.
"Падыша - падыша, букара - букара, ата - ата, уул уул болууга тийиш" деген сөздөр анын девизи болуп эсептелет. Философ бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган. Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал дин катарында таанылган.
21-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.