super.kg logo

Бишкек боюнча 4 күндүн ичинде суулуу кардын айынан кулаган 194 бутак, 73 дарак жыйналды

 

"Өткөн дем алыш күндөрү "Жашылдандыруу" ишканасы кулаган дарактарды жыйнап жатты", - деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 21-ноябрда.

"Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлеринин билдиргени боюнча, Бишкекте жааган суулуу кардын айынан куураган дарактар, бутактар сынып жатат. Жумушчулар дем алыш күндөрү шаар тургундарынын маалыматы боюнча кулаган дарактарды алып жатышты. Бул күндөрү 38 дарак, 50 бутак сынган. 4 күндүн ичинде кызматкерлер 194 бутак, 73 дарак жыйнашкан, шаар тургундарынан 410 кайрылуу түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Авариялык абалдагы дарактарды алууга 120 кызматкер тартылып, 12 атайын техника, 7 автокөтөргүч (автовышка), 8 бензин араасы колдонулганы маалым болду. Бутактын сынышынан улам 15 жаштагы өспүрүм жапа чеккен, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Жумушчулар тургундардын кайрылуусу менен ишин улантып жатышканы айтылат маалыматта.

"Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын элин сак болууга, дарактардын алдынан абайлап басууга, оор дарак, бутактардын астына унааны койбоого чакырат", - деп кайрылат мэрия.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: