super.kg logo
  Саясат  

Перуда Путин менен Обама эмне жөнүндө кеп курушканы белгилүү болду

 

20-ноябрда АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Владимир Путин Перуда өтүп жаткан Азия-Тынч океан саммити учурунда жолугуп, кыскача кеп курушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, АКШ администрациясы сүйлөшүү 4 мүнөткө созулганын билдирет. Анда Обама Путинди Украина чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттенмелерин аткарууга чакырган. Ошондой эле Ак үй Обама эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жон Керри менен Сергей Лавровду башка өнөктөш өлкөлөр менен бирге Сириядагы зомбулукту басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырганын кошумчалайт.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүдө Украина темасы көтөрүлгөнүн орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

Бул эки президенттин АКШдагы шайлоодон кийинки алгачкы жолугушуусу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: