super.kg logo

Бишкекте өткөн 3 сутка ичинде 45тен ашуун жол кырсыгы катталды

 

Бишкекте өткөн 3 сутка ичинде 45тен ашуун жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, 18-ноябрдан 21-ноябрга чейин Бишкекте 45тен ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 20га жакын адам жабыркап, айрымдары ооруканага жаткырылган.

“Жол кырсыктарынын келип чыгышына негизинен жолдун тайгак болушу себеп болууда. Ошондой эле айрым айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышкан эмес. 3 сутка ичинде жөө адамды сүзүп, ал жерден качып кеткен 3 окуя катталды. Учурда айдоочулар изделүүдө”, - деди Таалай Бугубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, жолдун тайгактыгынан уч кундун ичинде менин эки кайним эки башка жерде удаасы менен жол кырсыгына кабылышты сопсоо турушуп. Бирине тулоо кылып жатсак бири кырсыктап, больницалап журобуз...Жол кырсыктарынан сактай кор, Кудай...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: