super.kg logo

Балыкчы шаарында узундугу 6, туурасы 9 метр болгон туунун айрылган бөлүгү желбиреп турат

 
Учурдагы абалы
Жаңы коюлуп жаткан кези

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Балыкчы шаарында өлкөбүздүн желеги 30 метр бийиктикке илинген. Бүгүнкү күндө флагштокто желектин айрылган бөлүгү гана желбиреп турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталына бүгүн, 22-ноябрда кабарлашты.

"Анын узундугу 6, туурасы 9 метр болчу. Салтанаттуу ачылышына желекти орнотконго жеке ишкер, курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдон тышкары шаардын мэри Алмаз Мамбетов да катышкан. Тилекке каршы, улуттук белгибиз болгон туубуздун бүгүн каралбай жатканы өкүндүрөт. Тууну көзөмөлдөп, алмаштырып койчу эч ким жокпу?" - деп суроо салышат тургундар.

Бул долбоорду иштеп чыгууда туу жайгаша турган аймактын шамалга жана сейсмологиялык туруктуулукка чыдамдуулугу эске алынганы айтылган.

"Балыкчы шаарынын мэриясы бул желек үчүн өздөрүнө такыр жоопкерчилик алган эмеспи? Деги эле бул желектин азыркы абалы тууралуу ким жооп берери чоң суроо боюнча калууда", - дешет тургундар.

Өлкөнүн негизги белгиси болгон туунун ушундай абалда илинип турганы Ысык-Көл облусуна жыл бою үзгүлтүксүз келген туристтердин оюн кандайдыр бир деңгээлде бузуп жатканын жергиликтүү бийлик эске алса.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.11.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
желек тез эле жыртылат шамалдуу жерде
22.11.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Узуну 9 метр, туурасы 6 метр эмеспи???
22.11.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айрылбай эле туратко
22.11.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик кабарчыга "2". Узуну менен туурасынын айырмасын билбегендиги учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: