Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кар көчкү 21-ноябрь күнү саат 18:24 чамасында Жайыл районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү 2200 метр куб жана Токтогул районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-224-чакырымдарында жалпы көлөмү 3100 метр куб кар көчкү түшкөн. Көчкү унаа жолго жеткен эмес. Жабыр тарткандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.