super.kg logo

Бишкекте 12 жаштагы кореялык өспүрүмдү тоноого шектелгендер кармалышты

 

Бишкекте 12 жаштагы кореялык өспүрүмдү тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында М.Горький жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде болгон. Анда белгисиз балдар 2004-жылы Түштүк Кореяда туулган Жонг Мингюну коркутуп, 39 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан. Бул кылмышка шектүү катары изи сууй электе Д.А., С.Э., К.Т. жана Р.А. кармалган. Аларды текшерүү учурунда Д.Анын чөнтөгүнөн Жонг Мингюга тиешелүү уюлдук телефон табылган. Кылмышка шектүү катары кармалгандар жашы жете элек өспүрүмдөр болушкан.

Ал эми айрым маалымат каражаттары Д.Анын милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын жазышты, бирок бул маалыматты Бишкек ШИИББи төгүндөп жатат.

Д.А. милиция кызматкерлеринен качып баратып жыгылып кеткен. Мындан улам ал тизесинен жараат алган. Ага милиция кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо болгон эмес”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өспүрүмдү өспүрүмдөр тоноптур жакшы эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: