super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 33 жашка толду

 
V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Дастан Бекешев 33 жашка толду. Ал Бишкек шаарында 1983-жылы 22-ноябрда туулган. 2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатынан билим алган. 2006-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Депутат шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
Ишмердүүлүгү:
2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук башкармалыгында укук маселелери боюнча башкы адис болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирип, аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
2010-жылы октябрда "Ар-намыс" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
2014-жылы 10-ноябрда Дастан Бекешев "Ар-намыс" партиясынын катарынан чыгып, "Ак ниет" деген партия түзүп, бирок "Ар-намыс" фракциясында ишин улантарын айткан.
2015-жылдын октябрь айынан тарта КСДП фракциясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
22-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: