Досалы Эсеналиев Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын башчысы болуп дайындалды
Досалы Эсеналиев өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 22-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Буга чейин аталган кызматты Абдыллабек уулу Манас жетектеп келген.
Досалы Эсеналиев 1965-жылы 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых адистиги боюнча аяктаган.
Бир топ жыл эл аралык уюмдарда, президенттик администрацияда иштеген. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынан талапкер болуп чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
10:23
2025-11-10
9:34
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
USSR
22.11.2016. 18:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм Досалы аке! Кесипкөй өз ордун тааптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















