super.kg logo
  Саясат  

Бийик тоолуу аймактарда иштеген кадрларга кошумча акча төлөө сунушталууда

 

Бийик тоолуу аймактарда иштеген кызматкерлердин маянасына кошумча төлөмдөр каралууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде экинчи окууда каралды.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына болжол менен 29,797 миллион сом кошумча акча талап кылынат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын билдиришинче, кошумча коэффициенттик төлөмдөрдү саламаттык сактоо тармагынын 379 кызматкери, билим берүүнүн 258 кызматкери жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу багытында иштеген 1245 адис алат.

"Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн эң маанилүүлөрү болуп медицина, билим берүү жана социалдык камсыздоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр эсептелет. Бизде бул багыттар боюнча кадрлар жетишсиз. Квалификациялуу дарыгерлердин, мугалимдердин жана башка адистердин жетишсиздиги көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына терс таасир тийгизүүдө", - деп айтылат долбоордун түшүндүрмөсүндө.

Долбоор экинчи окууда комитеттин колдоосуна ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: