ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: 30 жыл мурун атактуу мушкер Майк Тайсон бокс тарыхында "эң жаш Дүйнө чемпиону" аталган

1986-жылы 22-ноябрда атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон 20 жаш курагында WBC`нин эң оор салмактагы титулун утуп алып, бокстун тарыхында "Дүйнөнүн эң жаш чемпиону" аталган. Бул мушташта М.Тайсон Дүйнө чемпиону Тревор Бербик менен рингге чыккан. Тайсондун 27 жаштагы машыктыруучусу Кевин Руни бул мушташтан соң "окуучусун чемпиондукка жеткирген эң жаш машыктыруучу" аталган.
Өзүнүн темирдей оор соккулары менен бир канча жыл рингде укмуш "ажиотаж" жаратып, чыныгы шоуну көрсөтүп келген Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын спортко арнап, профессионалдык рингде айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44үндө нокаут менен жеңишке жетишсе, 6 беттеште утулууга дуушар болгон.
22-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
kani-esen

22.11.2016. 14:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча жыл чемпиондукту кармап турган? Толук жазсанар баштагандан кийин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.