ТЕСТ: Аялдар базарда, эркектер Тайванда?..
Кыргыз жеринде жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам 2016-жылдын 18-декабрында күчүнө кирет. Ага ылайык, жуптар нике кыйылганга чейин сөзсүз Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнөн каттоодон өтүшү шарт. Эгерде бул талап аткарылбаса, нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы. Мыйзамдын максаттарынын бири - үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө. Өкүнүчтүүсү, адистер
жылдан-жылга ажырашуулар, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатканын билдиришүүдө. Үй-бүлө темасы жаатында канчалык маалыматка ээсиз? Тесттен өтүүгө киришиңиз.
№ 1-cуроо
Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна коюлчу мыскыл сөздү табыңыз. "Аялдар базарда, эркектер ..."
"... Тайванда"
"... казанда"
"... баш жазарда" № 2-cуроо
Кыргыз мамлекетинде "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы" деп кайсы жыл аталган?
2010-жыл
2011-жыл
2012-жыл № 3-cуроо
Бишкекте 2012-2013-жылдары жаштардын массалык үйлөнүү тойлорун уюштуруп талкууга алынган экс-министр?
Алтынбек Максүтов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри
Алиясбек Алымкулов, мурунку эмгек, миграция жана жаштар министри
Осмонбек Артыкбаев, мурунку энергетика жана өнөр жай министри № 4-cуроо
Кыргызда "кырк жылкылуу болдум" деп кайсы учурда айтат?
Үй-бүлөдө уул бала төрөлгөндө
Үй-бүлөдө кыз бала төрөлгөндө
Кызды турмушка узатып жатканда № 5-cуроо
Жаңы баш кошкон жубайларга төмөнкү куттук сөздөрдүн кайсынысы айтылат?
"Куш бооңор бек болсун!"
"Бешик бооңор бек болсун!"
"Тууруңар бийик болсун!" № 6-cуроо
Кыргыз Республикасында молдо нике кыйганга чейин жубайларды расмий каттоого (ЗАГС) турууга милдеттендире турган мыйзамдын автору ким?
Президент Алмазбек Атамбаев
Депутат Аида Салянова жана айрым кесиптештери
Мурунку премьер-министр Темир Сариев № 7-cуроо
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде нике курагы канча жаш деп белгиленген?
16 жаштан жогору
18 жаш
17 жаш № 8-cуроо
Кыргызда "үй-бүлөнүн пайдубалына доо кетирет" деп коомдо талаш жараткан көрүнүш кайсы?
Кыз ала качуу, бири-бирин тааныбагандардын баш кошуусу
Үлпөт тойду ресторанда эмес, үйдө өткөрүү
Кызды күйөөгө узатуудагы салт-санаанын көптүгү № 9-cуроо
Бакиевдин бийлиги тушунда көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу демилгесин көтөргөн экс-чиновник ким?
Турсунбай Бакир уулу
Марат Кайыпов
Нурлан Мотуев № 10-cуроо
Кыргыз Республикасында көп аял алуу мыйзамдаштырылганбы?
Ооба, 2010-жылы мыйзамдаштырылган
Жок, мыйзам жол бербейт
Материалдык байлыгы жетиштүүлөрдүн гана 2 аял алуусуна уруксат № 11-cуроо
Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө соңку 29 жыл ичинде канча түгөй никесин каттоодон өткөргөн?
74 410 түгөй
84 410 түгөй
64 410 түгөй № 12-cуроо
Жубайлардын бири ажырашууга макул болбосо, ишти караган сот эмне кылууга укуктуу?
Жубайларды жараштыруу чараларын көрүүгө, жубайлардын жарашуусу үчүн 3 ай аралыгында мөөнөт дайындап, ишти кароону артка жылдырууга
Сот ишин узакка создуктурбоо үчүн макул болбогон тарапты ажырашууга көндүрүүгө
Ажырашууну сунуштаган тарапты мажбурлоо менен алдыдагы максатын толук айттырууга № 13-cуроо
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы өлкөдө...
40 812 түгөй баш кошуп, 6441 жуп ажырашкан
52 043 түгөй баш кошуп, 8588 жуп ажырашкан
35 313 түгөй баш кошуп, 7700 жуп ажырашкан № 14-cуроо
Кыргыз жеринде 5 жылдан бери Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленет. Кайсы датада?
24-сентябрда
5-декабрда
31-августта № 15-cуроо
Үй-бүлө образдуу түрдө кантип сүрөттөлөт?
Махабат дастаны
Бүтпөс энциклопедия
Кичинекей мамлекет 0/10
00:00
Текшер
Суроолорго жооп бериңиз!
сиздин баллыңыз
0%
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2023-10-05
16:16
2023-08-31
12:15
2023-08-26
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Даталарды билбейт экенмин