"Алтын топ-2016". Улуттук курамдын машыктыруучусу Александр Крестинин добушун Месут Өзилге, Ислам Шамшиев Криштиану Роналдуга берди
Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен капитан Ислам Шамшиев "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлерге добуш беришти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дүйнөнүн мыкты футболчусун аныктоодо бардык курамалардын машыктыруучуларынын, капитандарынын добуштары эске алынат. Алар "Мыкты машыктыруучу" жана "Мыкты футболчу" номинациялары боюнча үчтөн талапкерге добуш беришет. Ошондой эле күйөрмандар арасындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы да эсептелет.
2-декабрда сыйлыкка талапкер 3 футболчу жана машыктыруучу иргелет. Сыйлык ээси 2017-жылдын 9-январында белгилүү болот.
Крестинин үстүбүздөгү жылдын мыкты футболчусу катары Месут Өзилди биринчи сапка койсо, Ислам Шамшиев Криштиану Роналдуну тандаган.
Александр Крестининдин добушуна ээ болгон футболчулар жана машыктыруучулар:
"Мыкты футболчу" наамы боюнча
1. Месут Өзил ("Арсенал" клубу, Германия курама командасы)
2. Криштиану Роналду ("Реал", Португалия курамасы)
3. Лионель Месси ("Барселона", Аргентина курамасы)
"Мыкты машыктыруучу" наамы боюнча
1. Хосеп Гвардиола ("Бавария", "Манчестер Сити")
2. Маурисио Почеттино ("Тоттенхэм")
3. Диего Симеоне ("Атлетико")
Ислам Шамшиев добуш берген машыктыруучулар жана окуучулар:
"Мыкты футболчу" наамы боюнча
1. Криштиану Роналду ("Реал", Португалия курамасы)
2. Лионель Месси ("Барселона", Аргентина курамасы)
3. Луис Суарес ("Барселона", Уругвай курамасы)
"Мыкты машыктыруучу" наамы боюнча
1. Хосеп Гвардиола ("Бавария", "Манчестер Сити")
2. Зинедин Зидан ("Реал")
3. Фернанду Сантуш (Португалия курамасы)

ЛГБТ-организациясы Коке менен Роналдунун кайым айтышы боюнча Испания футбол федерациясына кайрылды.
Ассоциация Arcópoli Испания футбол федерациясына кайрылуу катын жонотуп, Кокену ЛГБТ ларды коркутуу, же шылдындоосу (гомофобии) боюнча чара корууну суранды, жана ЛГБТ лардын укугун тебелегени учун жазага тартууну отунду"
Источник AS vs COPE.
ундарын кылган иштерин баалайм