super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-НОЯБРЬ: 31 жыл мурун Мальтада террорчулар барымтага алган Боинг-737 учагында жардыруу болуп, 59 адам каза болгон

 

1985-жылы 23-ноябрда Боинг-737 учагы Грециянын Афины шаарынан Египеттин борбору Каирге учкан. Көп өтпөй учактын ичинде 5 террорчу жардыргыч заттар жана тапанча менен жүргүнчүлөрдү коркута баштаган. Учакта экипаждын 10 мүчөсү жана 98 жүргүнчү болгон. Согушкерлер учкучтарга учактын багытын Мальта мамлекетине буруусун айтып, буйрук беришкен. Түн ортосунда аталган учак Мальтадагы "Лука" аэропортуна конуп, ошол эле учурда Египеттин "Сака" антитеррордук тобунун 2 учагы дагы ал жерге конгон. Мальтанын жана Египеттин бийлик өкүлдөрү террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө аракет кылганына карабай согушкерлер бир канча жүргүнчүнү атып өлтүрүп, аларды жерге ыргытышкан. Мындан улам барымтадагыларды бошотуу операциясы жүргүзүлүп, 4 террорчу өлтүрүлгөн. Террорчулар жардыргыч затты иштетүүгө үлгүрүп, жардырууга кабылган жүргүнчүлөрдүн 59у курман болгон.

23-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: