Жайыл районунда 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген жаран кармалды
Жайыл районунда 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү Новониколаевка айылында болгон. Анда 35 жаштагы Г.В. менен 18 жаштагы Г.А. спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Денесинен алган жарааттардан улам 18 жаштагы Г.А. ошол жерден каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары изи сууй электе Г.В. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.