super.kg logo
  Саясат  

Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

 

Мажилис депутаты Куаныш Султанов Астана шаарына Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу казакстандык ММКлар билдиришүүдө.

Парламент жыйынында депутат эгемендүүлүктүн улуу жолун түбөлүк сактоо керектигин айтып, борбор шаарга “Эгемен Казакстан” монументин орнотууну демилгеледи. Ошондой эле Конституцияда президент Нурсултан Назарбаевдин мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын белгилөөнү кошумчалады. “Эл башчысынын ысымы борбордун аталышында жана башка маанилүү объектилерде чагылдырылышы керек. Биздин жалгыз максатыбыз - эл башчынын айланасында биригип, баалуулуктарды бекемдеп, аны көздүн карегиндей сактап, келечек муунга суверендүү жана эгемен Казакстанды өткөрүп берүү”, - деди депутат Султанов.

Султановдун демилгесин башка депутаттар дагы колдошту.

Астананын атын 2013-жылы дагы өзгөртүү сунушталган. Анда Улуттук илимдер академиясынын академиги Султан Сартаев шаарды Нурсултан деп атоо керектигин айткан. 2009-жылы болсо Азербайжан элчиси Лятиф Гандилов Астанага Султан-Ата ысымын ыйгарууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: