Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты
Бүгүн, 22-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Анда: “Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор учурда Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун жакындарына жана туугандарына кайрат айтып, кырсыкта жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирип коюуңузду өтүнөм”- деп жазылган .
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

