super.kg logo
  Саясат  

Азиз Батукаевдин ден соолугу боюнча коюлган диагноздун канчалык тууралыгын эксперттик топ изилдейт

 

Бүгүн, 22-апрелде “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун жана Кыргызстандан чыгып кетишин иликтөөчү депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Депутат Жоомарт Сапарбаев билдиргендей, жыйынга Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов чакырылган. “УКМКга жана ИИМге тиешелүү көп суроолор бар. Мисалы, чек араны кесип өтүүгө укугу жок болгон адамдардын жана кылмышкерлердин тизмесин Чек ара кызматына УКМК жана ИИМ берет. Бирок бул тизмеде Азиз Батукаевдин аты жок болгон. Ал катталбаганы же кимдир бирөө аны кайра тизмеден чыгарып койгону абдан кызык болуп жатат”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат Азиз Батукаевдин ден соолугу боюнча коюлган диагноз боюнча ишти иликтөөчү эксперттик топ түзүлгөнүн билдирди. “Топко Гемотология борборунан 12 дарыгер, эркин дарыгерлер жана диагноздон күмөн санап жаткан депутаттар кирди”,- деди Сапарбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: