super.kg logo

"Калемпир кыздар" же "Spice Girls" тобунун акыркы 15 жылда жазылган жаңы ыры интернетке чыкты

 
Солдон оңго: Жерри Холлиуэлл, Эмма Бантон жана Мелани Браун
"Spice Girls" тобунун толук курамы

Бир кезде популярдуу болгон британиялык "Spice Girls" тобунун жаңы "Song For Her" ыры интернетке чыкты. Чет элдик басылмалар бул топтун акыркы 15 жылдагы жаңы ыры экенин жазып чыгышты. Чыгарманы топтун ырчылары: Жери Холлиуэлл, Эмма Бантон жана Мелани Браун жаздырып чыгышкан. "Калемпир кыздар" быйыл топтун түзүлгөнүнө 20 жыл болгонуна карата биригишкен.

2008-жылдан бери топтун биригери тууралуу маалыматтар токтой элек болчу. Жадакалса топтун жогоруда аталган ырчылары трио болуп, "GEM" деген аталыш менен топ ачары айтылган. Ал эми ушул жылдын июль айында Мелани Браун: "Биздин топ “Spice Girls” боюнча эле калат, журналисттер адаштырып алышса керек. "GEM" - бул үчөөбүздүн ысымдарыбыздын баш тамгасы, биздин сайттын аталышы. Учурда үчөөбүз ыр жаздырдык, ал ырлар жакында жарыкка чыгат", - деп билдирген эле.

Бул жолу топто ырдоого Виктория Бекхэм менен Мелани Чисхолм баш тартышкан.






Spice Girls - Song For Her

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: