Бишкекте "Ала-Тоо периси-2013" кароо сынагынын финалы өтөт
28-апрелде Бишкекте “Ала-Тоо периси-2013” сынагынын финалдык баскычы өтөт. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучусу, куудул Борончу Кудайбергенов бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйында билдирди. Маалым болгондой, жарыш Орусиядагы кыргыз кыздарынын ортосунда болмокчу. “Акыркы убакта Орусияга кеткен мекендештерибиз көбөйдү. Алардын мекенге болгон сүйүүсүн өстүрүү максатында бул сынакты уюштурганбыз. Кыздар өз эне тилди жана улуттук каада салтты кандай деңгээлде билери сынактын негизги талабы болот”,- деди Кудайбергенов. Айта кетсек, бул сынакка Орусиянын 10 шаарынан келген 15 сулуу катышмакчы. “Ала-Тоо периси-2013” кароо сынагы ушул жылдын 8-мартында Орусиянын Новосибирск шаарында башталган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurik9090

23.04.2013. 08:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Екатеринбург шаарында да откон алпаруучу болуп Борончу Тынар жакшы кулдурушкон елди, сынак жакшы жогорку денгелде отту,еми Бишкетен жыйынтыгын коробуз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.