Башынан оор операцияны өткөргөн Азиз Мурадиллаев бүгүн "Акыркы чакырык" спектаклинде роль жаратат
Бүгүн, 24-ноябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде актёр Азиз Мурадиллаев операция жасалгандан бери сахнада алгачкы жолу роль жаратат. Ал "Акыркы чакырык" спектаклинин бет ачарында ойнойт. Бул тууралуу актёр SUPER.KG`ге кабарлады.
"Даярдыктар жакшы. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы болуп калды. Спектаклде белгилүү Сүймөнкул Чокморовдун досунун образын жаратам", - дейт А.Мурадиллаев.
Белгилей кетсек, дарыгерлер ага 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити деген диагноз коюшкан. Ал эми 18-октябрда Москвадагы клиникалардын биринде актёрго алгачкы операция жасалган.
баракчасынан алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
4
4

Супер-Инфо
super.kg видео
















Мындан кийин эч ооруба!