Кош бойлуу ырчы Гүлзада Рыскулова чыгармачылык кечесинде "Айкөл Манас" ырынын клибин тартуулады (фоторепортаж)




















Бүгүн, 24-ноябрда борбор калаадагы "Туңгуч" театрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда үчүнчү наристесин күтүп жаткан ырчы Гүлзада Рыскулованын чыгармачылык кечеси болуп өттү. Ага чыгармачыл инсандар, ырчылар Кенже Дүйшеева, Юлия Руцкая, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев, манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Рыспай Исаков, ырчынын жакындары жана башкалар болушту. Кечеде манасчы Рыспай Исаков "Манас" айтып, жаш бийчилер бийлеп, дизайнер Алтынай Осмоеванын кийимдери көрсөтүлдү. Ошондой эле ырчы өз репертуарындагы чыгармаларын аткарды.
Чыгармачылык кечеде ырчынын "Айкөл Манас" ырынын клибинин бет ачары болду.
"Манаска кайрылуу өзүнчө убакытты, энергияны талап кылат. Клипте Манастын образы көрүнбөйт, себеби анын образын жаратуу жөнөкөй иш эмес. Максатыбыз "Манас" эпосун жаштар арасында жайылтуу, пропагандалоо болду. Андыктан сөзүнө көңүл буруу менен иштеп чыктык. Ошондой эле анда менин жаңы образымды көрө аласыздар", - деп билдирди ырчы.
Кеченин соңунда келгендер ырчыга элдин улуттук духун көтөргөн, патриоттуулукка үндөгөн чыгармаларды аткарып жүрүүсүн, чыгармачылык ийгилик, бакыт каалап тарашты.
Гүлзада Рыскулова чыгармачылык кечесин өткөрдү
Гүлзада Рыскулованын чыгармачылык кечесиндеги жаш бийчилер

ХХХ
Сен тaaныгaн ырчылaр фонaгрaммa мн ырдaсa
Гулзaдa тaзa кыргыз кызынa тaaндык болгон кийим мн( жылaнaч, кокурок, aяк биягын корсотпой) 1чилерден болуп ырдaп чыккaн.. Голосунa соз жокк.. Текебaевдин ордунa болгондо мен дaгын aйттырбaй бaрмaкмын ушундaй кыргыздын чыныгы , уяттуу кыз - уулдaрын колдоого
Эшиткениниз жакшы болуптур, кеч болсо да.Куттуктаймын. Мындан ары билип журунуз, КРэмгек синирген артисин.