super.kg logo
  Саясат  

Валентина Матвиенко "калк ЕАЭБдин пайдасын жакында сезбейт" деди

 

Карапайым калк Евразиялык экономикалык биримдиктин пайдасын сезиш үчүн дагы убакыт керек. 24-ноябрда Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууда Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ушундай деди. Орусия парламентинин өкүлү мигранттарга түзүлгөн шарттар жакшырып баратканын, ЕАЭБдин иши эми жыла баштаганын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. Бирок биримдикке кирерде айтылган убадалар, жеңилдиктер толук ишке ашырылбай жатат. Кыргыз дыйкандары 170 миллион керектөөчүсү бар ири рыноктун пайдасын көрө элек. Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай, кыргыз тараптын айыл чарба азыктары уюмга мүчө мамлекеттерге чыгарылбай келет. Акыркы сүйлөшүүдө Казакстан ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча 30-ноябрга чейин бир жообун билдире турган болгон. Азырынча жооп жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: