super.kg logo

Бишкекте мурда соттолгон аял алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте мурда соттолгон аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 1965-жылы туулган Гүлнара Асылбаева буга чейин эки жолу алдамчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Гүлнара Асылбаева 2013-жылы жазасын өтөп чыккан, бирок ал алдамчылык аракеттерин токтоткон эмес. 2016-жылы Бишкектеги Гоголь көчөсүнөн батирди ижарага алып, үй ээсине алгач 5000 сом берген. Эртеси башка адамдарга үй ээси катары батирди ижарага берип, алардан 3 айга деп 42 миң сом алып, дайынсыз жок болуп кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Натыйжада Гүлнара Асылбаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан бир канча батирдин ачкычтары табылган. Эгер сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо, 0555 88-58-88, 0702 49-47-30 телефон номурлары аркылуу кабарлашса болот”, - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: