ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 11 жыл мурун ралли боюнча Дүйнө чемпиону, англиялык автожарышчы Ричард Бёрнс көз жумган
2005-жылы 25-ноябрда ралли боюнча Дүйнө чемпиону, англиялык автожарышчы Ричард Бёрнс көз жумган.
Спортчу 1971-жылы 17-январда Англияда төрөлгөн. Ричард Бёрнс 8 жашында унаа айдаганды үйрөнүп, 11 жашында 17 жашка чейинкилердин автоклубуна кирген. Алгачкы жолу 1988-жылы ралли жарышына чыккан. Ралли боюнча 1999-жылдын жана 2000-жылдын вице-чемпиону, 2001-жылдын Дүйнө чемпиону болгон. Ричард спорттон 2004-жылы рак оорусунан дарылануу үчүн кеткен. Бирок ооруну жеңе албай, 34 жашында Лондондо каза болгон.
25-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.