Кыргызстанда аскерге чейинки даярдык сабагын өтүүчү мугалимдер жетишпейт
"Кыргызстанда аскерге чейинки даярдык сабагын үйрөтүүчү мугалимдер 20 пайызды гана түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, учурда 10-11-класстын окуучуларына аскерге чейинки даярдык сабактарын дене тарбия мугалимдери окутат. “Айлык акы аз болгондуктан, мугалимдер жетишсиз болуп жатат. Окуу үчүн колдонулуучу жабдыктар дагы өтө эскирди. Окуучулар толук түрдө аскердик жабдыктар менен тааныша албайт. Аскер жабдыктарын алуу үчүн көп каражат керек ”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

